"Интернет- коммуникация жана маалымат каражаты" онлайн курсу

Курсун автору: Жанадылов Тынчтыкбек

tzhanadylov@gmail.com

Google сертификациялаган мугалим.

Bilimkeni Academy долбоорун жетектеген

Саламатсыздарбы!

Назарыңыздарда "Интернет- коммуникация жана маалымат каражаты" онлайн курсу. Бул курс Кыргызстандагы информатик мугалимдер үчүн жасалган.

Онлайн курстун, видеосабактардын жана китептин автору Тынчтыкбек Жанадылов

"Steps to Success" Коомдук Бирикмеси тарабынан аткарылган

"Сорос-Кыргызстан" Фондунун Маалымат Программасы аркылуу каржыланган

Курстун жайгашкан жери: itkg.emektep.info

Курс ар дайым ачык, билим алууга болот, бирок каттоо, тест тапшыруу жана сертификат алуу мүмкүн эмес. Курс Декабрь 2017 өткөн.

2- жума ичинде курсту өткөн, тест тапшырып, эссе жазган мугалим, "Steps to Success" Коомдук Бирикмесинен сертификат алат. Онлайн курска катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу катталуу керек.

Курс тууралуу

Бул курста 2-жума ичинде катышуучулар интернетте эффективдүү иштешти үйрөнүшөт. Электрондук почтадан баштап, сайт жасаганга чейинки материалдар камтылган. Кайсы веб серепчини колдонсо болот, Linkedin сайтынын пайдасы, эмне үчүн Ачык Билим Берүү Ресурстарын колдонуш керек ж.б темалар камтылган.

Китепти окуп чыгып, видеосабактарды көрүп, эссе жазып, тесттерди тапшырган мугалимдер гана сертификат ала алат!

Курска катышуу үчүн алгач сиз бул шилтемени толтуруп, катталышыңыз керек.

Силлабус:

1- Жума: 20 Ноябрь - 27 Ноябрь 2017 ж

Ар бир темага видесабак жана китепте бөлүм жазылган.

  1. Веб браузерлерди таануу жана колдонуу. (Видеосабак, китеп окуу)
  2. Маалымат издөө. Google издөө системасынын мисалында. (Видеосабак, китеп окуу)
  3. Электрондук почта жана анын мүмкүнчүлүктөрү. (Видеосабак, китеп окуу)
  4. Социалдык тармактар жана мессенжерлер. Facebook, WhatsApp,Linkedin, Twitter. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  5. Блог алып баруу. Wordpress, Tumblr. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  6. Интернетке видео жүктөө жана аны менен бөлүшүү. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)

2- Жума: 27 Ноябрь - 10 Декабрь 2017

  1. Интернет аркылуу презентация алмашуу. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  2. Санарип сүрөттөр менен иштөө. Сүрөттөрдү Интернетке жүктөө жана бөлүшүү. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  3. Сайт түзүү. Google Sites, Wordpress. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  4. Интернетке документтерди сактоо жана аларды бөлүшүү. Google Диск. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  5. Ачык Билим Берүү Ресурстарын колдонуу. (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)
  6. Тексттерди которуу (Google Translate). (Видеосабакты көрүп чыгуу, китеп окуу)

Онлайн курс боюнча тест. Тестти бул шилтеме: https://goo.gl/forms/p6YeWSc8IHQkUMng2 аркылуу толтуруңуз! 10-Декабрь саат 8.30 га чейин аткырлышы керек. 20 суроо бар. Сертификат алыш үчүн жок дегенде 15 суроого туура жооп бериш керек. Тесттин суроолору онлайн курста берилген материалдарга негизделген. Тестти кайра-кайра тапшыруу болот. Бирок 3 жолу гана уруксат берилет. Эң мыкты натыйжа кабыл алынат.

Эссе жазуу. 10-Декабрь саат 8.30 га чейин аткырлышы керек. Эссенин темасы: "Бул онлайн курста алган билимимди сабагымда кантип пайдаланам?" Эссени бул шилтеме аркылуу толтуруңуз. https://goo.gl/forms/fi3Yg1f2MrEaquOd2

Мектепте же ЖОЖдо сабактарыңызда бул онлайн курста алган билимиңизди кантип пайдаланасыз? Эссе жазыңыз. Жалпы курс тууралуу ой-пикириңизди жазсаңыз болот.

Барык шарттар аткарылган соң биз сиз менен байланышабыз жана сертификатты кандай алууңуз тууралуу сүйлөшүбүз.

"Интернет- коммуникация жана маалымат каражаты" Электрондук китеби

Э-Китеп "Интернет- коммуникация жана маалымат каражаты"


Видеосабактар

1. Веб браузерлерди таануу жана колдонуу


3. Электрондук почта жана анын мүмкүнчүлүктөрү

2. Маалымат издөө. Google издөө системасы


4. Социалдык тармактар жана мессенжерлер. Facebook

4.1. Социалдык тармактар жана мессенжерлер. WhatsApp,Linkedin, Twitter

5. Блог алып баруу. Wordpress, Tumblr

6. Интернетке видео жүктөө жана аны менен бөлүшүү

7. Интернет аркылуу презентация алмашуу

8. Санарип сүрөттөр менен иштөө Сүрөттөрдү Интернетке жүктөө жана бөлүшүү

9. Сайт түзүү. 1-бөлүм

9.1. Сайт түзүү. 2-бөлүм

10. Интернетке документтерди сактоо жана аларды бөлүшүү

11. Ачык Билим Берүү Ресурстарын колдонуу

12. Тексттерди которуу (Google Translate)

Курска катышкан мугалимдердин жазган ой-пикири, эссеси

Курска катышкан мугалимдердин жазган ой-пикири, эссеси